​«Унаа» мекемесинин кызматкери эки айга камалды

  • 4 года мурун

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа” мекемесинин кызматкерине карата катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР аймагына оң рулдуу автоунааларды мыйзамсыз алып кирүү жана каттоо боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлүп, аталган схема менен 10 автоунаа киргизилгени аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

“Унаа” мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн аймактар аралык секторунун адиси Б.М.И.,100-200 АКШ доллар акчалай акы үчүн айрым адамдар менен алдын — ала макулдашуу боюнча оң рулдуу автоунааларды мыйзамсыз каттаганы аныкталды.

Аталган кызматкер КР УКМК тергөө камак жайына 2 айга кармалды.

2015-жылдын 3-июнунан баштап «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамына ылайык КР аймагына оң рулдуу автоунааларда алып кирүүгө жана каттоого тыюу салынган.

Мындай чечимдин кабыл алынышына аталган автоунаа катышкан кырсыктын көбөйүшү себеп болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты