​Банктын филиалы каракталды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 26-ноябрда, саат 9:17 де Бишкекте Юнусалиев көчөсүндөгү банк филиалын карактап кеткени тууралуу кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу барган.

Белгисиз эки киши «ЭкоИсламикБанк» филиалынын имаратына кирип, күзөтчүнү сабап, акчаны тоноп кеткен.

Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБ басма сөз кызматы маалымдады.

ЖМК маалыматтарында, каракталган сумма миллион сомдон ашык экени айтылууда.

Банк филиалын карактоо кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене, карактоо боюнча катталып, тергөө башталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты