Бельгияда Борбор Азияда билим берүү маселеси талкууланды

  • 4 года мурун

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров Бельгиянын Брюссель шаарында өткөн “Билим берүү аркылуу туруктуу келечекке” деп аталган борборазиялык конференцияга катышты.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш — чарада Европа биримдиги жана Борбор Азия мамлекеттеринин эскперттери билим берүү, инновация жана жумушка орноштуруунун өз ара байланыштарын талкуулашты.

Борбор Азия мамлекеттеринин калкынын дээрлик тең жарымы 30 жашка чейинкилер жана бир миллиондой жаштар жыл сайын эмгек базарына чыгат.

Мындай шартта кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана аларды улуттук, аймактык деңгээлде окутуу, жумушка орноштурууда суроо-талап күч болгон адистердин жөндөм менен квалификациясын жогорулатуу өзгөчө мааниге ээ.

Сүрөт:министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты