​Электрондук эсеп-фактура колдонуу артыкчылыктары

  • 4 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды колдонуунун бир катар артыкчылыктарына салык төлөөчүлөрдүн көңүлүн бурат.

Алсак, негизги артыкчылыктардын бири -эсеп-фактура алмашуунун ыкчамдыгы.

Эгерде мурда башка аймакка документтердин түп нускасын (кагаз түрүндө) жөнөтүү бир кыйла убакытты (күн, жума) алган болсо, эми буга компанияда бир аз гана мүнөт колдонулат.

Ошондой эле электрондук эсеп-фактуралар жана башка документтер менен алмашуу компанияларга кагазсыз иш жүргүзүү түрүнө өтүүгө мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде, чыгымдардын жок дегенде эки бөлүгүн – кеңсе жана почта чыгымдарын азайтууга алып келет.

Дагы бир маанилүү жагдай – эсеп-фактураны түзүүгө жол берилген каталардын саны азаят. Мындан тышкары, электрондук документ жүгүртүүнү пайдалануу компанияларга өзүнүн ички документ жүгүртүүсүн оптималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Электрондук эсеп-фактураны колдонуу боюнча сынак долбоор Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июлунан тартып жылдын аягына чейин ишке киргизилген.

2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет бардык КНС төлөөчүлөргө, импорттоочуларга жана экспорттоочуларга жүктөлөт.

Салык кызматы кошумча нарк салыгын төлөөчүлөрдү, импорттоочуларды жана экспорттоочуларды электрондук эсеп-фактураны колдонууга өтүүгө даярданууга чакырат.

Кеңири маалыматты Салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан же 1240 телефону аркылуу алууга болот.

Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты