Каптагаев: «Ат баспайм деген жерин үч басат»

  • 4 года мурун

Эмилбек Каптагаев Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп кечээ, 25-ноябрда, дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга байланыштуу Эмилбек Каптагаев бул кандай кызмат экенин жана ошол кызматты түптөөчүлөрдөн болгонун фейсбук баракчасына жазды.

«Биздин элде «Ат баспайм деген жерин үч басат» деген сөз бар эмеспи… Кызыгы, ушул институттун түзүлүү башатында тургандардын бири мен элем. Анткени 1993-жылы Өкмөттүн аппаратында «Социалдык жана саясий анализ жана прогноздоо» деген бөлүм түзүлүп калды. Ошол бөлүмдүн биринчи дагы акыркы дагы башчысы мен болдум» деди Каптагаев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты