Өкмөт полимер буюмдарын өндүрүүгө жана сатууга мораторий киргизүүнү демилгеледи

  • 4 года мурун

Өкмөт «Полимердик материалдардан жасалган буюмдарды (баштык, кап, таңгактоочу материалдарды) калктын күнүмдүк колдонуусу үчүн өндүрүүгө жана аны сатууга мораторий киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анын максаты- айлана-чөйрөнүн булганышын алдын — алуу жана таңгактоочуу полиэтилен баштыктардан пайда болгон калдыктардын көлөмүн азайтуу болуп саналат.

Кыргызтанда полимер материалдарынан жасалган баштыктар турмуш-тиричиликте абдан көп колдонулуп, калдык таштоочу жайларда чогулууда.

Көп учурларда мындай калдыктар экономикалык жактан пайдасы жок болгондуктан, иргелип кайра иштетилбейт. Бул болсо курчап турганын чөйрөнүн жана суу объектилеринин булганышына алып келүүдө.

Тиричилик калдыктарын сактоочу жайларда учурда болжол менен 16 млн 409 629 миң тонна таштанды бар. Инвентаризация учурунда калдыктардын болжолдуу морфологиялык түзүлүшү аныкталган. Ага ылайык, таштандылардын 21% полимер калдыктары түзөт.

Полимер материалдарынан жасалган таңгактоочу баштыктардын курамындагы заттар жаратылыштын климаттык факторунун таасиринен бузулбайт жана күйгүзүүдө айлана-чөйрөгө диоксин жана фуран сыяктуу туруктуу органикалык булгоочу заттарды бөлүп чыгарат.

«Полимердик материалдардан жасалган буюмдарды (баштык, кап, таңгактоочу материалдарды) калктын күнүмдүк колдонуусу үчүн өндүрүүгө жана аны сатууга мораторий киргизүү жөнүндө» токтом долбоору экологиялык коопсуздукту камсыз кылат.

Муну менен катар кагаз баштыктарды өндүрүүнү жолго салууну жана курчап чөйрөнүн абалын жакшыртууну шарттайт.

Документтин долбоору коомдук талкууга коюлду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты