​Бишкекте коррупцияга каршы акция өттү (Видео)

Бүгүн, 25-ноябрда, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында #REакция жарандык акциясы өттү.

Катышуучулар «Райым камалсын!», «Уурулардын орду — түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформа жүргүзүлсүн!» деген талаптарды койду.

Алар колдоруна мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүн жана өлкөдө мыйзамдуулукту талап кылган жазуулар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Ошондой эле футболдо эреже бузгандарга эскертүү катары көрсөтүлчү «сары айып кагазын» көрсөтүштү. Акциянын жыйынтыгында президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту.

Акциянын катышуучулары анын башталышында Кыргызстандын гимнин аткарышып, 2010-жылы апрель окуясында окко учкандардын аты-жөнү жазылган тактага гүл коюшту.

Милиция митингди мыйзамсыз өттү деди

Ал эми Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Казакеев Бишкектин Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы мыйзамсыз өтүп жатканын айтты. Ал буга Бишкектин Биринчи май райондук сотунунун 13-ноябрдагы чечимин жүйө кылды.

— 13-ноябрдан баштап негизги аянтка митинг өткөрүүгө болбойт» деп тыюу салынган. Ошондуктан бул митинг мыйзамсыз, — деди Казакеев.

Бирок, жарандардын өз пикирин ачык айтууга укугу бар экенин, акциянын катышуучулары мыйзамды бузбай, башка адамдарга тоскоолдук жаратпаса,акция токтотулбай турганын кошумчалады.

21-ноябрда «Азаттык», «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган эле.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар камтылган. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары кантип адалданып турганы да айтылган.

Иликтөодө ал иштерге мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи.

Журналисттик иликтөө боюнча Райымбек Матраимов бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Анын кайрылуусун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 24-ноябрда фейсбук баракчасына жарыялады.

Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган маалыматтар туура эмес экенин кошумчалап, актыгын далилдей аларын белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты