​Мектепте онлайн окутуу практикасын киргизүү пландалып жатат

  • 4 года мурун

Ысык-Көл (Жунуш уулу Жапар орто мектеби) жана Нарын облусундагы (Нинакан Жүндүбаева атындагы-мектеп гимназиясы) эки мектептин 8-классынын окуучулары үчүн химия сабагы онлайн түрүндө өтүлдү.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз борбору кабарлады.

«Заттын саны. Авогадро закону» аттуу темада химия сабагын Бишкектеги Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин мугалими Закия Жээналиева өттү.

Жаңыча ыкмадагы сабакты билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын «Cекторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын бекемдөө» долбоорунун колдоосу менен уюштурган.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде онлайн окутуу практикасын киргизүүнү пландап жатат.

Бул салттуу билим берүү мейкиндигин кеңейтип, мугалимдердин иш ордунда отуруп эле кесипкөйлүгүн өнүктүрүү мүмкүндүгүн берет.

Жаңы форматтагы билим алуу окуучуларга да жакты.

Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунда камтылган 30 инновациялык мектеп Кыргызстандын алыскы райондорунда жайгашкан.

Өткөн жылы бул окуу жайлар компьютердик, мултьтимедиалык техника, интернет менен камсыздалган. Мугалимдер предметтик билим берүүнүн жаңы стандарттары боюнча окуудан өтүшкөн.

Сүрөт: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты