​Transparency International» «Миллионгейтке» байкоо салууда

  • 4 года мурун

Дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган «Transparency International» эл аралык уюму «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөдөн кийинки жагдайга жана анын айланасында болуп жаткан окуялардын өнүгүүсүнө жакындан байкоо салууда.

Бул тууралуу уюмдун «Твиттердеги» баракчасында 22-ноябрда маалымдалды.

Андан мурда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөө жарыяланган. Анда миллиондогон долларлар Кыргызстанга мыйзамсыз кирип-чыгып турганы айтылган.

Ошондой эле иликтөө ал иштерге мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкереледи. Ал — Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун иниси. Депутат бир тууганына байланыштуу маалыматтарды четке кагып келет.

«Transparency International» уюму 2018-жылы дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган баяндамасында Кыргызстан бул тизмеде 132-сапка жайгашканын жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты