Бишкекте дүйшөмбү күнү митинг болот

  • 4 года мурун

Дүйшөмбү күнү, 25-ноябрда, Бишкекте митинг өткөрүлөт. Бул тууралуу социалдык тармактарда жазылууда.

Укук коргоочу Рита Карасартова минтип жазды:

«Коррупция менен күрөшө турган функция, коопсуздукту камсыз кыла турчу кызматты талкалады. Кайра түптөп чыкпасак, абал оорлойт. Дүйшөмбү күнү саат 11:30да, Ак Үйдүн алдына жолугушууга чакырам, келечекке кайсы жол менен барабыз маанилүү. Сүйлөшөлү» деди ал.

Буга чейин «Азаттык» , «Клооп» медиа каражаттары жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору» ( (OCCRP) долбоору «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деп аталган журналисттик иликтөө жарыяланып, анда Кыргызстандын бажы кызматындагы орун алган коррупциялык схеманын бети ачылган. Коомчулук ал иликтөө бийлик органдары тиешелүү жооп кайтарбай, чара көрбөй жаткандыгын да коомчулук белгиллөөдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты