​Абылгазиев: «Өлкө ар кандай саясий күчтөр кырдаалды туруксуздаштырууга умтулган мезгилди башынан кечирүүдө»

  • 4 года мурун

Өкмөт башчы белгилегендей, учурда өлкө ар кандай саясий күчтөр кырдаалды туруксуздаштырууга умтулган татаал мезгилди башынан кечирип жатат.

«Бирок мен биз бул кыйынчылыктардан жеңебиз деп ишенем. Турдакун Усубалиевдин идеологиясы эмнелерден турган? Элдин ынтымагында. Ал элдин кызыкчылыгын баарынан жогору коюп, республиканын бардык жашоочуларын бириктире алган.

Черчиллдин сөзү менен айтканда: «Саясатчы – шайлоодон шайлоого чейинки аралыкты ойлойт, ал эми мамлекеттик ишмер –жалпы элдин келечегин ойлойт». Турдакун Усубалиев ар дайым элдин келечегин ойлогон. Биз дагы ушундай принциптерди карманабыз», — деди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленген Кочкордогу 22-ноябрда өткөн иш-чарада.

Сүрөттөр: Өкмөттүн маадыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты