​Кой-Таштагы кырдаал боюнча комиссия бүтүмү Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү

  • 4 года мурун

7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын бүтүмү Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү менен жолукту.

«Мамлекеттик комиссия мүчөлөрүнүн бардык сунуштары талкууланып, 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялардын бардык жагдайларын иликтөө ар тараптуу жана комплекстүү жүргүзүлдү», — деп белгиледи вице-премьер-министр.

Документке комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшканы айтылды.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болгон.

Кыргызстандын мурдагы президенти Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты