​Райондук, облустук гезиттер бириктирилет. Облустук 7 медиа борбор түзүлөт

  • 4 года мурун

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекеттик аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарын кайра уюштуруп жатат. Ага ылайык, 110 штат кыскартылат. Райондук гезиттер менен облустук гезиттер бириктирилип, 7 медиа борбор түзүлөт.

Реформа облустук жана райондук гезит редакцияларынын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоосун эске алуу менен жүрүп жатат.

— Учурда адатта райондук гезиттер бир айда бир-эки жолу жарыкка чыгып, нускасынын көлөмү бир миң же андан аз нусканы түзгөндүктөн, райондун калкын толук маалымат менен камсыз кыла албай келет. Жергиликтүү калк телеберүү, радио жана мобилдик интернет колдонгондуктан, мезгилдүү басылмага суроо-талап жок болуп калды.

Аймактык мезгилдүү басылманын көпчүлүгү аймактагы жергиликтүү калкка саясий жана социалдык экономикалык чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын маалыматтарын жеткирүүдө таасирдүү куралдын милдетин аткара албай калды.

Бүгүнкү күндө чарбалык эсептеги гезиттердин редакцияларынан башка бир дагы райондук гезит өзүн- өзү актай албай, аларды камсыз кылууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттар натыйжасыз пайдаланууда.

Бул аракет мамлекеттик аймактык ЖМКларды реформалоо боюнча кескин чараларга баруу керектигин далилдеди.

Өлкөдө облустук мамлекеттик телерадиоберүү уюмдары, облустук жана райондук гезиттер бириктирилип, алардын базасында 7 облустук медиа-борбор түзүлүп, жалпы 110 штаттык бирдик кыскарат.

Ошол эле учурда, түзүлгөн медиа-борборлордун кызматкерлеринин маянасы 15% га көтөрүлөт.
Кайра уюшулуп жаткан бардык облустук медиа-борбордо телекөрсөтүү, гезит, web-сайт, он-лайн берүү жана пресс-борбор платформалары камтылып, республикадагы 40 районду жана райондук маанидеги ири шаарларды камтыйт.

Ар бир райондо эки кабарчы караштырылып, алар заманбап журналистика боюнча окутуудан өтөт, -деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты