​Жанар Акаев: «УКМК 200 миң доллар далил акчаны сериясы менен көрсөтсүн»

  • 4 года мурун

Мен улуттук коопсуздук комитетин каралоо эмес, алардын кадыр-баркын сактап калуу максатында оюмду айтайын деп жатам,- деп айтты депутат Жанар Акаев бүгүн, 21-ноябрда, Жогорку Кеңеш жыйынында.

—Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурдагы башчысы Улан Чалбаевди кабинетинен 200 миң АКШ доллары суммасындагы пара менен кармашкан.

Коомчулукта ошол 200 миң доллар далил акча Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсүнүн сейфинен жоголуп кеткен деген сөз жүрүп жатат. Ири суммадагы акчаны казиного уттуруп жиберген деп жатышат. Коомчулук ошого ишенип жатат. Эгер андай эмес болсо, далил зат эмнеге сотто көрсөтүлгөн жок?

Эгер 200 миң АКШ доллары жоголо турган болсо, аскер прокуратурасы тезинен кылмыш ишин козгош керек.

Паранын өзүн паракорлор уурдап кеткен Кыргызстанда гана болушу мүмкун. Бул — коррупция менен күрөшүүгө шек жараатат.

Ошол акчаны сериясы менен көрсөтсүн, ошонун сериясы дал келиши керек. Эгер анын ордуна башка акча коюп, кутулуп кетебиз десе, ал жарабайт, -деди депутат Акаев.

Коомчулукта Улан Чалбаевди кармоо учурундагы 200 миң доллар далил акча УКМК тергөөчүсүнүн сейфинен жоголуп кеткен деген сөз жүрүүдө.

УКМК 200 миң доллар далил акча жоголду деген чындыкка дал келбейт деп билдирген.

Баш прокуратуранын мамлекеттик айыптоону жана соттордо өкүлчүлүкту колдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы Улан Чалбаев 19-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан беш жылга эркинен ажыратылды.

200 миң доллар далил каражаттын УКМКдан жоголгондугун жана башка кемчиликтерге байланыштуу укук коргоочу Рита Карасартова Change.org сайтында Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилигинин отставкасын талап кылган петиция жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты