Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын 80 жылдыгы белгиленет

  • 4 года мурун

Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайдын 80 жылдыгы белгиленет.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди

Юбилейлик иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 25- ноябрда өтөт.

1939-жылдын 23-октябрында Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатынын токтому менен Фрунзе шаарында музыкалык-хореографиялык окуу жайы түзүлгөн.

Ал окуу жайдан залкар таланттар чыккан. Алсак, СССРдин эл артисти Калый Молдобасанов, Асанкан Жумакматов, Артык Мырзабаев, Чолпонбек Базарбаев, Самара Токтакунова, Кыргыз Республикасынын эл артисттери Насыр Давлесов, Эсенгул Жумабаев, Салима Бекмуратова, Сайра Чоткараева, Эрмек Мойдунов, Бейшеке Жандаров, Чоро Кожомжаров, Сардарбек Жумалиев, Каныкей Эралиева ж.б.

1990- жылы окуу жайдын имаратында залкар комузчу М. Күрөңкеевдин музейи ачылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты