Жапырт мушташ катышуучулары аныкталды

  • 4 года мурун

Бишкек шаарынын “Чыгыш-5” кичирайонунда болгон жапырт мушташтын катышуучуларын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы аныктады.

Бул тууралуу ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

“Роял” караоке-клубундагы жапырт мушташтын катышуучулары булар:

  1. Р.Н. 2001-жылы туулган, Жалал-Абад облусунда туулган;
  2. Н.Р. 2000- жылы туулган, Жалал-Абад облусунда туулган;
  3. А.Б. 2001- жылы туулган, Бишкек шаарында туулган;
  4. Б.Б. 2001- жылы туулган, Бишкекте туулган;
  5. . Ж.Б. 1998-жылы туулган, Нарын облусунда туулган;
  6. У.К. 1997 –жылы туулган, Нарын облусунда туулган ;
  7. Э.Н. 2001- жылы туулган, Жалал-Абад облусунда туулган;
  8. Т.А. 2001-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну.

Учурда Бишкек ИИБ тарабынан сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

“Чыгыш-5” кичирайонунда“Роял” караоке-клубунда жапырт мушташ болгондугу тууралуу кабар 19-ноябрда тараган. «Короче» телеграм-каналы бул тууралуу билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты