​Футбол: Кыргызстан менен Тажикстан 1:1 эсебинде тең чыкты

  • 4 года мурун

Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бишкекте Тажикстан менен ойноп, 1:1 эсебинде тең чыкты.

Тажикстан командасынан биринчи болуп эсепти Жахонгир Эргашев ачты.

Экинчи таймда Кыргызстан командасы жооп кайтара албады. Мелдеш аяктарына сегиз мүнөт калганда, эсепти Кыргызстан командасынан Тамирлан Козубаев теңдеди. Оюн 1:1 эсебинде соңуна чыкты.

Мелдеш 2022- жылы өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылдагы Азия кубогуна тандоо турунун алкагында өттү.

Бул тандоо турунун F тобунда 12 упай менен Япония биринчи орунда, Кыргызстан 7 упай менен экинчи жана Тажикстан 7 упай менен үчүнчү, Мьянма, 4-орунда, Монголия 3 упай менен 5-орунда келатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты