​Бишкек прокуратурасы: Өрт чыккан тез татым жайында коопсуздук сакталган эмес

  • 4 года мурун

Бишкек шаардык прокуратурасы “Антошка” аттуу тез татым жайында чыккан өрт боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын жооптуу кызмат адамдарына кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыш ишин каттады.

Бул тууралуу баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык прокуратура өрт чыккан жайды текшергенде, коопсуздук эрежелери сакталбай, тамак бышыруу үчүн газ баллондору колдонулганын аныктады. Тез татым жайларында газ баллондорун колдонууга тыюу салынат.

Ал эми экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаардык бөлүмү өрт коопсуздугуна карата текшерүү жүргүзгөн эмес.

2015-жылы ижарага алынган муниципалдык жердин аянтын кеңейтүү боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын эскертүүсүнүн талабы аткарылган эмес.

Бул иш Бишкек шаардык ИИБ тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

8-ноябрда Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым ашканасында жарылуу жана өрт болуп,бир адам ошол жерде мерт болгон, 15 тей киши жабыркаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты