Момбеков саламаттык сактоо министрине: “Урматтуу министр! Ушуну кантип уялбай угуп отурдуңуз?”

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков гепатит (сарык) менен ооруган жарандын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге болгон нааразычылыгын уккандан кийин, министрге «Сиз мындай сөздөрдү уккандан кийин кызматтан кетишиңиз керек» деди.

Гепатит (сарык) менен ооруган жаран вакцинацияга жете албай жүргөн жарандардын атынан министрге кайрылды. Ал министрлик гепатит менен ооругандардын саны 100 миңден ашканына карабай вакцинацияны тиешелүү деңгээлде жүргүзбөй жатканын айтты:

“Мен өзүм үчүн эмес, силер үчүн айтып жатам. Мен тишимди алдырып жатам, бир жерим кесилип кетет. Анан менден башкаларга жугат да. Мамлекет муну өзүнө алса, бизнес болуп кетмек эмес. Эми мен басып жүргөндөн киийн мага окшогондор 100 миңдей. Мен бир аз эле каным баарыңарга жукса, сактана албайсыңар. Кааласаңыз сизге жуктуруп көрөйүнчү министр мырза, толук кандуу жашай албай калат экенсиң. Бир жылдан бери суранып жүрөм, вакцинация кылып койгулачы деп, угуп койбойсуңар ”, деп нааразычылыгын билдирди.

Аны уккан ЖК депутаты Рыскелди Момбеков саламаттык сактоо министрине кайрылды:

“Космос Сариевич, азыркы бала үнү кырылдап, ыйлап туруп айтты. Адам баласы араң көтөрө турган акыйкатты айтты. 100 миңдеген адамдардын өтүнүчүн айтты. Сиз уялбай ушуну угуп турдуңуз да, айтып жатасыз. “Мен макул эмесмин” деп. Уят, урматтуу министр. Ушул сөздү укпашыңыз керек болчу. Уккандан кийин “Мен кызматымды таштап кетишим керек” дешиңиз керек болчу. Аракет кылып жатабыз дейсиз. Аракетиңизди көргөн жокпуз да. Биз коңгуроонү ушул баланын оозунан угуп жатпайбызбы. Сиз аракет кылып жатасаңыз, “Коррупция менен күрөштөн түшкөн акчаны гепатит менен ооругандарга жумшайлы” деп айтсаңыз болот беле. Биз депутаттар колдоп берет элек го. Сиз тек гана жооп берип коюп отурасыз, “Мен макул эмесмин” деп. Эки жылдан бери иштеп жатабыз дейсиңер. Ай, кире албай жүрүптүр байкуш бала. Ушул жерде айтып жатат. Бүтүндөй кыргыз элине айтып жатат. Көчмөндөр оюнун өткөргөнчө, ага кеткен акчаны ушундайларга жумшаш керек болчу. Кымбат унааларды алып жатасыз. Уят. Мындан кийин, мындай маселелерди көтөрүп чыга албасаңыз. Акырын кетип калсаңыз. Алкыш албасаңыз албай каласыз, бирок, каргыш албаңыз”, деп кайрылды депутат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты