​Электрондук эсеп-фактура колдонуу долбооруна дагы 4 компания кошулду

  • 4 года мурун

Мамлекеттик салык кызматынын электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча сынак долбооруна эки жуманын ичинде 4 ири компания кошулду. Бул долбоорго кошулгандардын саны 17ни түздү.

Тактап айтканда, пилоттук долбоорго «Аман банк», «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы», «Кыргызалтын», “Куликовский Кондитер үйү” , «Кыргызаэронавигация» жана «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканалары, «Шоро», «Түндүк электр», «5 канал», «Сибирь Трейд» , «Форестер», «Халык банк», «Джунда», «Темир Тулпар», «Кыргызнефтепродукт» , «Стелла групп» , «Аалам» компаниялары катышууда.

Эскерте кетсек, электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураларды колдонуу боюнча сынак долбоор 2019-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык ишке киргизилген.

2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет бардык КНС төлөөчүлөргө, импорттоочуларга жана экспорттоочуларга жүктөлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты