Реформаларды тездетүү боюнча Бишкекте донордук конференция өтөт

  • 4 года мурун

Эртең, 19-ноябрда, Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу донордук конференция өтөт.

Анын ишине Президент Сооронбай Жээнбеков катышат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Форумдун максаты өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өлкөнүн милдеттери, реформалар, жетишкендиктер жана артыкчылыктары боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу болуп саналат.

«Конференцияга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулоого катыша турган 25 эл аралык уюмдардан жана 10 өлкөдөн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр чакырылган», — деп баса белгиледи ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты