Жумгалда эки «КамАЗ» ортосуна кыпчылган киши каза тапты

  • 4 года мурун

Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын 30 жаштагы тургуну эки «КамАЗ» машинесинин ортосуна кыпчылып, каза тапкан.

Бул тууралуу Нарын облустук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында, кырсык тууралуу кечээ, 15-ноябрда, саат 17:00 дө “Кыргызкөмүр” филиалынын күзөтчүсү милицияга кабарлаган.

«Кыргызкөмүр» ишканасынын райондук филиалынын шлагбаумунун ичинде Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын 1965-жылы туулган тургуну Ж.С. «КамАЗын» айдавп, Баш-Кууганды айылынын 1986-жылы туулган тургуну А.Р. да «КамАЗ» унаасын айдап бара жаткана Түгөл-Сай айылынын 1990-жылы туулган тургуну А.у.Б. айдоочуларга жол көрсөтөм деп унаалардын ортосунан чуркап бара жатып, эки унаанын ортосунда кыпчылып калган.

Айдоочулар аны чаңдан улам көрбөй калышкан. Кырсыктан кийин жабырлануучу ооруканага жетпей каза болуп калган.

Бул факты Жумгал районунда кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты