Батукаев боюнча сот иши жылдырылды

  • 4 года мурун

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы соттук жыйын 29-ноябрга жылдырылды.

Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, Атамбаев соттук отурумга катышуудан баш тарткан. Ал эми Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов ооруп жатканына байланыштуу келген эмес. Ага операция жасалары айтылды.

Адвокат Сергей Слесаревдин буга чейин айтканына караганда,бул иштин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Калган 14 адам тергөө менен кызматташууга кол койгону үчүн алардын макамы башка.

Тергөө менен кызматташууга баргандардын арасында мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 19 адам шектелген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө кызматы кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштуруу боюнча шектүү деп тапкан.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты