Футбол жана күйөрмандар (Фоторепортаж)

Бүгүн, 14-ноябрда, Бишкекте Кыргызстандын курама командасы Япония менен беттешти. Оюнга күйөрмандар стадионго жык-жыйма келишти. Кыргызстан 2:0 эсебинде утулуп калган менен, күйөрмандар алдыдагы жеңиштерден үмүттөнөрү шексиз.


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Япониянын командасы менен беттешкен Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасын колдоо үчүн стадионго барды.

Өкмөт башчы Абылгазиев Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо эки команданын футболчуларынын оюнун көрдү.

Футбол боюнча чемпионаттын финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар мамлекетинде өтөт.

Алдыда, 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына тандоодо Кыргызстандын улуттук курама командасы F тайпасында Тажикстан, Япония, Мьянма жана Монголия командалары менен ойноп жатат.

Кыргызстандын курама командасы 19-ноябрда Тажикстан менен ойномокчу.


Сүрөттөр: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты