Мурдагы президент Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев Баш прокуратураны сотко берди

  • 4 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев Баш прокуратураны сотко берди.

Бул тууралуу КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков фейсбук баракчасында билдирди.

«Автомаш-Энерго» ЖЧКсынын директору Сейитбек Атамбаев баш прокуратураны сотко берди. Баш прокуратуранын 2019-жылдын 1-ноябрындагы пресс-релизинде жазылган кадыр-баркка шек келтирген ушактардан сактануу максатында » деп айтылат анда.

Баш прокуратура Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 23-августтагы чечими менен «Автомаш-энерго» компаниясы камакка алынып, салыгын текшерүүгө алуу тапшырылганын билдирген. Себеби 2015-жылдан бери ал компанияда салык төгүү жагы текшерүүгө алынган эмес.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд Смитке кайрылып, ишканасын рейдерлик жол менен басып алуу аракети жүрүп жатканын билдирген.

Быйыл парламент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткан. Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган, бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү жана ЖЭБ модернизациясы, Батукаевди бошотуу боюнча ж.ю. оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айып тагылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты