Кыргыз ишкери Нарынга ГЭС курат

  • 4 года мурун

Тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын жараны Нарынга 100 мегаватт кубаттуулуктагы ГЭС курат. Бул туурасында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте 2019-2020-жылдардын бюджети тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, ГЭС куруу иштери кийинки жылдын март айында башталып, 1000ге жакын адам жумуш менен камсыз болмокчу.

«Ал ГЭС сугат маселесин да чечип, 2100 гектар жерди суу менен камсыз кылат. Ал жерде 1000ге жакын адам иштеп, туруктуу 200-300 киши эмгектенип турат», — деди Абылгазиев.

Мындан сырткары, ал ушул жылдын декабрь айында Ат-Башыда дүйнөлүк стандартка ылайык келген соода-логистикалык борборунун курулушун баштоого капсула салынарын белгиледи. Аны курууга Кытайдан 280 миллион доллар насыя алынган. (магістратура в польщі)

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты