2019-жылдын тогуз айында экспорт 1,3 млрд. долларды түздү

  • 4 года мурун

2019-жылдын тогуз айында экспорт 1,3 млрд. долларды түздү. Бул өткөн жылдын деңгээлинен 11,7% жогору. Ошол эле маалда импорт 7,3 пайызга төмөндөдү.

Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда,премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте сүйлөп жатып билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, соода балансынын тартыштыгы 15,8% кыскарган. Бул ички өндүрүштүн өсүшү, ата мекендик продукциянын экспортунун көбөйүшүнүн эсебинен болгон.

Абылгазиевдин белгилешинче, өкмөт ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, импорттун көлөмүн азайтуу, экспортко багытталган товарларды колдоого артыкчылык берүүдө.

2019-жылы Текстиль импорту 21,5% түзүп же 3 млн. долларга кыскарган, экспорт 37,4% же 354 миң долларга өскөн. Ата мекендик өндүрүш 30,1% көбөйдү. Цемент импорту 4,6% түзүп же 502 миң долларга кыскарган, экспорт 41,4 % же 7,2 млн. долларга өскөн. Өндүрүш 8,3 % көбөйдү. Ошол эле кезде териден жасалган буюмдардын импорту 2,6 эсеге же 31,2 млн. долларга азайып, экспорт 3,3 млн. долларга өскөн.

Учурда Жогорку Кеңеш “Кыргызстандын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты