Футбол федерациясынын башчысы: «Япониялык каршылаштарды утуп алууга мүмкүнчүлүк бар»

  • 4 года мурун

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы япониялык каршылаштарын утуп алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул туурасында КР Футбол федерациясынын президенти Канат Маматов аталган федерациянын расмий сайтына берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, улуттук курама команданын 2020-жылдагы дүйнө чемпионатынын тандоо туруна даярдыгы мыкты.

«Япония дүйнө чемпионаттарында, Азия кубогунда мелдешип келет. Тажрыйбалары чоң, футболчулары дүйнөнүн күчтүү клубдарында ойношот. Алардын улуттук курамында жана клубдарында ойногон шарттары биздикинен кыйла айырмаланат. Мунун баары аларга чеберчилик, күч жана өзүнө болгон ишенимди арттырат. Бирок биздин команданын деми күч, даярдыгы мыкты. Колдоп-коштогон күйөрмандары турат. Андыктан утуп алууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз» деди Маматов. Ал ошондой эле курама команданын башкы максаты мыктылардын ТОП-12 тайпасынын катарына кирүү экендигин кошумчалган.

Эки өлкөнүн командалары бүгүн, 14-ноябрь күнү, саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо мелдешет. Оюндун билеттери толугу менен сатылып бүткөн. Буга байланыштуу беттешке кире албай калгандар үчүн эски аянтта күйөрмандар зонасы пайда болору айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты