Россияда «декреттик» пособие 322 миң рублга чейин көтөрүлөт

  • 4 года мурун

Россиянын социалдык камсыздандыруу фонду 2020-жылдан тартып кош бойлуу жана балалуу учурдагы 140 күнгө эсептелген пособие 322 миң рублга жетерин билдирди.

«Кош бойлуу жана төрөгөндөн кийинки 140 күндүк отпуск үчун пособиенин өлчөмү 2020-жылдын 1-январынан тартып 322, 190, 40 рубль болот» деди Россия социалдык камсыздандыруу фонду.

Бала 1,5 жашка чыкканга чейинки айына берилүүчү пособие 28 миң рублди түзмөкчү, 2019-жылы бул сумма 26 мин рубль болчу.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты