Боливия сенатындагы оппозиция лидери өзүн убактылуу президент деп жарыялады

  • 4 года мурун

Боливия сенатындагы оппозиция лидери, парламенттин жогорку палатасынын вице-спикери Жанин Аньес өзүн өлкөнүн убактылуу президенти деп жарыялады. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, Аньес кворум жоктугуна карабай, мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын өзүнө алган.

Буга чейин Боливиянын Конституциялык соту бийлик алмашуу президенттин отставкасына байланыштуу болуп жатканын, бул учурда сенаттын чечими талап кылынбасын билдирген. Мындай жол менен сот президенттин ыйгарым укуктары Жанин Аньеске өткөнүн тастыктаган.

Бул арада Боливиянын борбору Ла-Паста Жанин Аньес менен мурдагы президент Эво Моралестин тарапташтарынын ортосунда кагылышуу башталды.

Бул өлкөдө массалык нааразылык 20-октябрда өткөн президенттик шайлоодон соң башталган. Ал шайлоодо Эво Моралес төртүнчү жолу өлкө башчылыгына шайланганы жарыяланган болчу.

Анда Моралес 47 пайыз, ал эми анын негизги атаандашы, оппозициячыл саясатчы Карлос Меса 36 пайыз алганы кабарланган.

Меса шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, ошондон кийин анын тарапкерлери көчөгө чыгышкан эле.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты