​Кыргызстандын футбол курама командасы эртең Япония менен беттешет

  • 4 года мурун

Эртең, 14-ноябрда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Япония командасы менен беттешет.

Бул таймаш 2022-жылы дүйнө чемпионаты жана 2023-жылы боло турган Азия кубогуна тандоо болуп саналат.

Беттешүү алдында командалар журналисттер үчүн пресс-конференция өткөрүштү.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы тренери Александр Крестинин япон командасы дүйнө чемпионатына дайыма катышып келгенин, бул таймашта алардын талуу жактарын тарта турганын билдирди.

Ал эми япон командасынын насаатчысы Хадзимэ Мориясу кыргыз командасы сыяктуу күчтүү команда менен ойной турганын айтты.

Сүрөт: КР футбол боюнча курама командасы. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты