​Түркия кыргызстандыктарга акысыз дарылануу квотасын көбөйттү

  • 4 года мурун

Түркияда акысыз дарылана турган кыргызстандык бейтаптардын жылдык квотасы дагы 50гө көбөйтүлдү. Бул тууралуу түрк өкмөтүнүн Resmi Gazete басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган 11-ноябрда Түркияда акысыз дарылана турган бейтаптардын квотасын дагы 50 кишиге көбөйтүү тууралуу кошумча протоколго кол койгон.

50 бейтапты Түркиянын Бишкектеги элчилиги тандайт жана Түркия саламаттык сактоо министрлиги бекитет. Бейтаптар транспорттук чыгымдарын өз каражаттарынын эсебинен төлөйт.

Эрежеге ылайык, Түркияга өтө оор онкологиялык дартка чалдыккандар, органдарын алмаштырууга, микрохирургиялык операция жасатууга муктаждар жөнөтүлөт.

2014-жылдагы кыргыз-түрк өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, кыргызстандык 100 бейтап Түркияда акысыз дарыланууга мүмкүнчүлүк алган. 2019-жылы май айында квотаны 150 кишиге көбөйтүү боюнча кошумча протокол түзүлгөн.

Бул арада Кыргызстанга бир нече жолу түрк дарыгерлери келип, Түркияга барууга мүмкүнчүлүгү жок бейтаптарга татаал операцияларды жасап кетишкен. Мындан тышкары Анкара Бишкекте дарт аныктоочу борбор курууну сунуштаган.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты