Бардык аймакта ишкерлерди тейлөө борборлору түзүлөт

  • 4 года мурун

Ишкерлерди колдоо жана аларга так маалымат, кеңеш берип туруу максатында өкмөт аймактарда ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүүнү пландады.

Ишкерлерди тейлөө борборлорунун кызматтарын Ош, Жалал-Абад, жана Баткен шаарларындагы ишкерлер пайдаланууда.

-Өкмөт тарабынан бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар түзүлүп жатат. Алсак, аймактык долбоорлорго жана субъекттерге инвестициялардын агымын тартуу максатында жаңы түзүлгөн ишканаларга 5 жылдан 10 жылга чейин салык төлөөдөн бошотуулар каралган. Алар – мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуудан түшкөн салыктар.

Мындан тышкары ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетип жаткан ишканалардын субъектилери (подакциздик товарлардын тобунан тышкары) кошумча нарк салыгын 80% азайтуу менен төлөшөт.

Ошондой эле ата мекендик продукцияларды экспорттоого тийиштүү шарттарды түзүү максатында региондордо ветеринардык лабораториялар түзүлүп иштеп жатат. Лабораториялык жабдууларды, биодарыларды сатып алуу үчүн өкмөт 150 млн сом бөлүп берген,-деп билдирди өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты