Депутат Шыкмаматов: “Кыргызстан 50-жылдардагы Сицилияга окшоп бара жатат»

  • 4 года мурун

Бүгүн, 13-ноябрда, «Ата Мекен» фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов парламентте өкмөттүн бюджетке толуктоо киргизүү маселесин караганда, күч түзүмдөру кылмыштуулук боюнча да айтып бериши керек экенин, кылмыштуулук күчөп бара жатканына тынчсызданды. .

—Мен Кыргызстандагы акыркы убактагы кылмыштуулук боюнча кеп козгогум келет.

50-жылдардагы Сицилияга окшоп бара жатабыз.

Күч органдары кылмыштуулук боюнча парламентте айтып беришсин. Премьер-министр талкан жутуп алгансып, унчукпайт.

“Мадина” базарындагы бизнесменди өлтүрүп кетишти. аэропорттон дагы бир бизнесмендин сөөгү табылды, стратегиялык “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчисин сабап кетишти. Бул -мамлекетке болгон кылмыштуулуктун чакырыгы.

Түркияда Кыргызстан казынасына 5 млрд сом салык төлөбөй качып жүргөн Саймаитини өлтүрдү деген шектүүлөр кыргызстандык паспорт менен чыгып жатышат. Саймаити дипломатиялык машина менен жүрөт. Ал эмне болгон номер, эмнеге аны менен Саймаити жүргөн? Бул өзгөчө кырдаал. Ушуларды талкуулабайлыбы? Унчукпай олтура беребизби? Эмнеге буга эч ким жооп бербейт, — деди Шыкмаматов.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты