​Преференциалдык шайлоо ыкмасын кантип ишке ашырабыз?

Преференциалдык шайлоо ыкмасын ишке ашыруу боюнча мыйзам долбоору 11-ноябрде Бишкекте талкууланды. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири — Жогорку Кеңеш депутаты Жанарбек Акаев.

Жанарбек Акаев: -Электрондук добуш берүу аркылуу биз преференциалдык шайлоо системасын ишке ашыруу оюбуз бар, -деп айтты.

Түпкү маңызы- Шайлоочу партияга добуш берүү аркылуу партиянын ичиндеги адамдарды тандоого да мүмкүнчүлүк беришибиз керек деген ойдобуз.

Азыр шайлоочу жалпы партияга добуш берет дагы, анын курамын партия лидери же саясий кеңеш гана аныктап коюп жатат.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев: -Бүгүн эл колдоп жаткан жакшы идеяны бийлик колдобосо ал өтпөйт. Бирок бүгүнкү бийлик буга кызыкчылыгы жок. Бийлик эмнеге каршы? Анткени жаңы мыйзам кабыл алынып калса партиядагы талапкерлердин баары жапа тырмак иштейт. Ошентип оппозициялык жана жаш партиялардын шайлоодон утуу мүмкүнчүлүгү пайда болот, -деди.

«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев: —Саясий талаада эң чон оюнчу бул Президент. Ал жактан белги келип калса, парламент мыйзам долбоорун үч окууда бир күндө алып бергенге даяр,- деп билдирди.

Саясатчы Равшан Жээнбеков: -Эгерде биз персоналдуу добушка бара турган болсок, анда жаштарга, саясатчылардын баарында көрүнүктүү саясатчы болгонго мотив пайда болот, Бул Кыргызстанда атаандаштыкты жаратат. Биз эгемендүү парламент, эыыективдүү депутат, атаандаштык пайда кылыш үчүн персоналдуу добуш берүугө өтүшүбуз керек- деп айтты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты