​Саймаитини өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Арасында кыргызстандыктар да бар

  • 4 года мурун

Түркияда жеке ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул түркиялык Sondakika. басылмасы билдирди

Шектүү үчөө Түркиядан чыгып, Сирияга баратканда кармалган. Алардын экөө кыргызстандык, бирөө сириялык экени айтылды.

КР тышкы иштер министрлиги жеке ишкер Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги машина Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулу Эркин Сопоковго тиешелүү экендигин текшерип жатат.

Эркин Сопоков бүгүн, 12-ноябрда, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдук кызматынан бошотулду.

Түрк ЖМКсы ишкер өлтүрүлгөн жерде консулдук «34 CC 2902»номери бар Range Rover машинасын видеодо көрсөттү.

Айеркен Саймаитини 10-ноябрда кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде атып кеткен.

Саймаити «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө аты аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.

Сүрөттө:Айеркен Саймаити. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты