​Жээнбеков: «Экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат»

  • 4 года мурун

Бүгүн, 12-ноябрда, «Тышкы иштер министрлигине 75 жыл. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумунда Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы багыттагы ишти-экологиялык дипломатия иш-чарасын иштеп чыгууну Өкмөткө тапшырды.

“Биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди — экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат”.

Ошондуктан биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди — экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат.

Экологиялык дипломатия – жаратылышты коргоо, экологиялык кризистердин алдын алуу, айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизчү иш- аракеттерди болтурбоо багыттарында чет өлкөлөр менен эки жана көп тараптуу кызматташтыкты билдирет.

Жогоруда белгиленген артыкчылыктуу багыттардын баарын тең камтыган экологиялык дипломатия боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну Өкмөткө сунуштайм, — деди мамлекет башчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты