Казакстан Президенти Токаев ноябрдын аягында Кыргызстанга келет
- 4 года мурун
Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев 27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-ноябрда, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековду кабыл алууда 27-ноябрда күтүлгөн Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин сапарына даярдык тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле 28-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жыйыны да өтөт.
Ал иш-чарага Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.
Бул тууралуу КР Президентинин басма сөз кызматы кабарлады,
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү