Шашылыш билдирүү: Кар көчкү күтүлөт

  • 4 года мурун

11-12-ноябрда күтүлгөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-90 чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:
— ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба-ырайы тууралуумаалыматка өзгөчө көнүл буруу;
— тоолуу унаа жолдорунда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
— кышкы дөңгөлөктөргө өтүү;
— күрөкчө, чынжырча, аптечка, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттар болуусу зарыл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты