​Боливия башчысы Эво Моралеске издөө жарыяланды

  • 4 года мурун

Боливия полициясы кызматтан кеткенин жарыялаган президент Эво Моралеске издөө жарыялады.

Бул тууралуу “Твиттерге” оппозиция лидерлеринин бири Луис Фернандо Камачо жазганын Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Полиция жана аскер кызматкерлери Моралести Чапара провинциясында издөөдө. Президенттин борбор калаа Ла-Пастан чыгып кеткен учагы камакка алынды.

Моралес өзүн кармоо тууралуу ордерди мыйзамсыз деп атады. – Кылмыштуу топтор менин үйүмө кол салды. Төңкөрүш мыйзамдын үстөмдүгүн кыйратат, — деп жазган ал “Твиттерге”.

Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард өлкө Моралеске башпаанек берүүгө даяр экенин билдирди.

Күн мурун Боливиянын президенти Эво Моралес кызматтан кеткенин жарыялаган. Мындай чечимди ал оппозициянын бул өлкөдө үч аптадан бери уланып жаткан нааразылык акцияларынан соң кабыл алды.

Моралестин аркасынан вице-президент, парламенттин эки палатасынын төрагалары, бир катар министрлер жана алардын орун басарлары, губернаторлор кызматтан кеткен.

Мындан тышкары полиция Жогорку шайлоо сотунун төрагасын жана орун басарын камакка алган. Алар 20-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга тиешеси бар деп айыпталууда.

Бул өлкөдө массалык нааразылык 20-октябрда өткөн президенттик шайлоодон соң башталган. Ал шайлоодо Эво Моралес төртүнчү жолу өлкө башчылыгына шайланганы жарыяланган болчу.

Анда Моралес 47 пайыз, анын негизги атаандашы, оппозициячыл саясатчы Карлос Меса 36 пайыз алганы кабарланган.

Меса шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, ошондон кийин анын тарапкерлери көчөгө чыгышкан эле.

Эво Моралес Боливияны 13 жыл башкарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты