​Азия чемпионатына тандоо: Кыргызстан Араб эмираттарын жеңди

  • 4 года мурун

Тегеран шаарында өтүп жаткан 2020-жылда боло турган Азия чемпионатына тандоо турунда Кыргызстандын футбол боюнча 19 жашка чейинки курама командасы Араб эмираттарынын командасын 2:0 эсебинде жеңип алды.

Эртең, 10-ноябрда, кыргызстандыктар Непал командасы менен беттешет.

Голду Эмил Шыгайбаев менен Рыскелди Артыкбаев киргизди.

Экинча таймда дарбазачы Артём Прядкин айырмаланды.

Ал эми биринчи оюнда кыргызстандык команда Ирандан 0:3 эсебинде жеңилип калган.

Ошентип, Иран командасынан кийин кыргызстандыктар экинчи орунда келатат.

Сүрөт: КР футбол федерациясы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты