Британияда алты жашар кыз маркум атасына кат жазып, жообун алды

  • 4 года мурун

Англиянын Чешир жергесинде алты жашар Холли Морган маркум атасына кат жазып, күтүүсүз анын жообун алгандыгын Daily Mail. агенттигине шилтеме берип, РИА Новости агенттиги билдирди.

Анда айтылгандай, Холли Морган өткөн жылдын жай айларында атасынан айрылып калган. Октябрь айында атасы 47 жашка чыкмак.

Кызы атасынын туулган күнүн открыткага куттуктап жазып, аны «Асмандагы атама» деп жөнөткөн.

Бир нече күндөн кийин Холли Моргандын атына жооп келген. Анда «катың жылдыздарды жана башка объекттерди аралап өтүп, атаңа жеткирилди» деп жазылып турган.

Кыздын апасы почта кызматкерлерине ыраазылыгын билдирип, кызы жооп алганына аябай кубанычта болгонун айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты