Москвада миллиардер Фаттох Шодиев мигранттар үчүн бекер медициналык жардам уюштурду

  • 4 года мурун

Москвада Фаттох Шодиев атындагы эл аралык фонд жана Орус православ чиркөөсүнүн каржылык колдоосу менен мигранттар үчүн бекер медициналык жардам уюштурулду.

Бул кызматты көрсөтүп жаткан Святитель Алексийдин борбордук клиникалык ооруканасынан билдиришкендей, мекеме бир жуманын ичинде 10дон ашпаган адамга бекер медициналык жардам көрсөтө алат.

— Биздин терапевт чынында эле бекер кызматтарды көрсөтүп жатат. Бирок адамдардын саны чектелген, биз жумасына эки гана күн бештен кишини кабыл ала алабыз. Бул үчүн телефон чалып алдын-ала каттоого туруу зарыл, — деп билдирди оорукана кызматкери.

Ал камсыздандыруу полиси жок чет өлкөлүктөрдөн паспортунан башка эч кандай документ талап кылынбай турганын кошумчалады. Мигранттар менен качкындар иш күндөрү саат 08:30дан 16:30га чейин 7(495) 952-11-41 номуруна телефон чалып, каттоого турушса болот. Кабыл алуу ар шаршемби жана бейшемби күндөрү болот.

Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылы Орусияга 3,5 миллион өзбек жараны барган. Алардын көбү Москва жана Санкт-Петербург шаарларында жашашат.

Булак:Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты