Абылгазиев Бишкектеги өрттүн себебин иликтеп, жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тез татым жайындагы өрттүн себептерин иликтеп, жабыркагандарга зарыл жардам көрсөтүүнү тапшырды. Алдын ала маалыматтар боюнча тез татымдагы жарылуудан 13 адам жабыркаган, алардын ичинде 7 бала бар, жабыркагандардын бири (тез татымдын кызматкери) каза болду.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы маалымдады.

Премьер-министр саламаттык сактоо министрлигине бүгүн Бишкек шаарында кафеде чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги жарылуунун жана андан улам тез татым жайынын өрттөнүүсүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алты адам жеткирилди, калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Алдын ала маалыматтар боюнча тез татымдагы жарылуудан 13 адам жабыркаган, алардын ичинде 7 бала бар, жабыркагандардын бири (тез татымдын кызматкери) жеринде каза болду.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алты адам жеткирилди, калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты