Бишкекте отургуч-парклетти сындырып кетишти
- 4 года мурун
Бишкекте жаңы коюлган отургуч-парклетти сындырып кетишти. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
-Жазында биз Бишкектин ар кайсы жерлерине ыңгайлуу парклеттерди койгонбуз. Кечээ политех.университети жактагы отургучтарды сындырып кетишиптир. Алар абдан оор болгондуктан, аны орнотор жерде жасап туруп салышкан. Аны 4 киши араң көтөргөн.
Отургучтарды кокусунан сындырып алууга мүмкүн эмес болчу. Анын анчалык оордугунан дагы, бурамалары дагы бекем болчу. Ошондуктан, отургучтарды атайын сындырган деген жыйынтык чыгарууга болот,-деди “Бишкек жашыл чарба” ишканасы.
Муну бөлүшүү