​Азия кинофестивалында кыргыз киносунун күнү өтөт

  • 4 года мурун

Бүгүн, 8-ноябда, АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтүп жаткан эл аралык Азия кинофестивалында кыргыз киносунун күнү өтөт.

Анда кыргыздын «Курманжан датка», «Дарак ыры» ж. б. фильмдер көрсөтүлөт.

6-ноябрда АКШнын Лос-Анжелес шаарында эл аралык Азия кинофестивалы ачылды.

Анын ачылышына АКШдагы элчи Болот Отунбаев жана КР коомдук, мамлекеттик ишмерлери, парламент депутаттары катышты.

Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги билдирди.

Эл аралык Азия кинофестивалын режиссер Садык Шер Нияз негиздеген. Фестивалдын максаты Азияда тартылган кино индустрияны дүйнөгө жайылтуу болгон.

Сүрөттөр: КР АКШдагы элчилиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты