Тажик бийлиги: «Чек арадагы чабуулга «Ислам мамлекети» тобунун тиешеси бар»

  • 4 года мурун

Тажик бийлиги «Ишкобод» заставасына болгон чабуулга «Ислам мамлекети» террордук уюмунун тиешеси бар деп билдирди.

Түнкү кол салуудан бир чек арачы жана милиция кызматкери каза таап, 15 согушкер жок кылынды жана дагы бешөө колго түшүрүлдү.

Бирок экстремисттик уюм түнкү чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Ырасталбаган маалыматтарга караганда, кол салгандардын бири аял болушу мүмкүн.

Тажикстандын чек ара кызматы куралдуу топ Ооганстан тараптан өлкө аймагына 3-ноябрда мыйзамсыз өтүп келип, 6-ноябрга караган түнү чек ара бекетине кол салганын билдирди.

Бул туурасында колго түшкөн жоочуларды суракка алган учурда белгилүү болгон.

Чек ара бекети Дүйшөмбү шаарынан 60 чакырым алыстыкта, Өзбекстан менен чек арага жакын жерде жайгашкан.

Окуя болгон жерде азыр дагы оперативдүү иликтөө иштери жүрүп жатат. Заставага кетчү жолдор жарым-жартылай жабык турат. Баш калаада жана айланасындагы райондордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Орусиялык “РИА Новости” агенттиги Өзбекстандын Чек ара кызматына шилтеме кылып кабарлагандай, өзбек тарап тажик кесиптештери менен бул маселе боюнча иштешип жатат. Кол салуу Тажикстан Конституция күнүн белгилеп жаткан учурда жана президент Эмомали Рахмон Европада расмий сапары менен жүргөн маалда болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты