Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө

  • 4 года мурун

Бүгүн 7-ноябрь жана эртең, 8-ноябрь- Кыргызстанда тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү. Бул датага байланыштуу Кыргызстанда эки күн майрам жана эс алуу күндөрү болуп, төрт күн катары менен жумушчу эмес күн болууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элине кайрылуу жолдоду.

— Элибиз орто кылымдарда Улуу кыргыз дөөлөтүн түзүп, кийин мамлекетин жоготуп, тарыхтын оор сыноолорун башынан кечирди.

“Каны көөкөрдө, башы канжыгада” болуп, мамлекеттүүлүк идеясын кылымдар бою жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө сактап, ал үчүн тынымсыз күрөшүп келди.

Аталарыбыз улуу Үркүндү, Октябрь революциясын башынан кечирди.

Улуу мамлекеттик ишмерлерибиздин чечкиндүү эмгеги менен РСФСРдин курамында 1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун, ал эми 1936-жылы Кыргыз ССРинин түзүлүшү – тагдыр чечүүчү тарыхый окуялар болду.

Бул окуялардын баасы – өтө бийик, саясий репрессияда курман болгондордун өмүрү менен өлчөнөт.

Кылымдар бою эңсеген элдин мүдөөсү аткарылып, 1991-жылы эгемен мамлекетибизге ээ болдук, мамлекеттүүлүгүбүз кайрадан жаралды.

Биз ата-бабаларыбыздын элесинин алдында мамлекетибиздин келечеги үчүн тарыхый ыйык жоопкерчиликти сезип турабыз.

Карт тарых тастыктап тургандай, элдин ынтымагы баарынан жогору, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок.

Биз – улуу элдин урпагыбыз, бизге калган ыйыкмурасыбыз – эгемен мамлекетибизди көздүн карегиндей сактап, бакубат өнүгүүсүнө жетишип, урпактарга берүүгө милдеттүүбүз” деп айтылат кайрылууда.

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү 2018-жылдан бери белгиленүүдө. Ага чейин Октябрь Революциясынын майрамы катары эсептелип келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты