​Өзбекстанда нан дагы кымбаттады

  • 4 года мурун

Акыркы үч жуманын ичинде Өзбекстанда бөлкө нандын баасы экинчи жолу жогорулады.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 5-ноябрда көпчүлүк аймактарда нан 100-200 сумга (0,01-0,02 доллар) кымбаттап, айрым дүкөндөрдө 1 600 сумдан (0,16 доллар), базарларда 1 700 сумдан (0,17 доллар) сатылууда.

15-октябрда Өзбекстанда бөлкө нандын баасы жогорулап, 1 300-1 500 сумга (0,13-0,15 доллар) жеткени кабарланган. Ага чейин нан 1 100 сумдан (0,11 доллар) сатылып келген.

2018-жылдын сентябрына чейин өлкөдө бөлкө нандын баасы 600-650 сумду (0,06 доллар) түзгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты