​Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылды

  • 4 года мурун

Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылды.

Бул тууралуу улуттук энергохолдинг ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров көрүнүктүү саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев өзгөчө көңүл бурган тармак бул гидроэнергетика болгондугун айтты.

«Нарын каскадынын алгачкы гидроэлектр станциясы болуп саналган Үч-Коргон ГЭСи, андан кийин Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай ГЭСтеринин курулуштары Турдакун Усубалиевдин активдүү катышуусу менен бүткөрүлгөн» деп айтты Улуттук энергохолдингдин башчысы.

Азыр анын ысымын алып жүргөн ГЭС куруу мөөнөтүнөн эрте курулуп бүткөндүгүн эске салды.

«Долбоорду даярдоо жана пайдаланууга киргизүүнүн ортосундагы убакыт 5 жылды алган. Мындай ири обьектилер үчүн болуп көрбөгөндөй кыска мөөнөт болуп эсептелет. ГЭС бүгүнкү күндө да ийгиликтүү иштөөдө. Дээрлик электр энергиянын 25% көлөмү ушул гидроэлектр станцияда иштелип чыгат» Назаров.

Күрп-Сай ГЭСи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты